Соңку күндөрү социалдык тармактын колдонуучулары Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетиши керек деген пикирлерин калтырышкан.
Бул пикирди колдогондор да болгон сыяктуу, Акылбек Жапаровдун саясатын колдоп, ал кызматын улантыш керек дегендер да болгон.
Буга байланыштуу "media-center" мультимедиалык маалымат агенттиги окурмандардын пикирин билүү үчүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетиш керекпи деген аталышта сурамжылоо жүргүздү.
Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча окурмандардын 77 пайызы "Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматын улантыш керек", 20 пайыздан ашыгы "кызматтан кетиш керек" жана 2 пайызы "мага баары бир" деп пикирин калтырган.
Пикирлер (2)