Суу бөлүштүрүү жайы эч качан тажик тарапка таандык болгон эмес, ал 70 жылдан бери биздики, деди Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу чарба департаментинин директору Алмазбек Сокеев.
Анын айтымында, суу бөлүштүрүүчү жай Кыргызстандын аймагында курулган. "Бул Суу чарба департаментинин Баткен дирекциясынын балансында. 1970-жылдан бери биз аны жыл сайын оңдоп-түзөөгө каражат бөлүп келе жатабыз", - деди ал.
Сокеев тажик тараптын айрымдары суу бөлүүчү жер аларга таандык деп билдиришсе, айрымдары биргелешип пайдаланууну жана иштетүүнү сунуштап жаткандыгын айтты.
"Бирок биз буга каршыбыз, анткени ал биздин жерибизде турат... 1980-жылы протоколго кол коюлган, анда биз 37% сууну (120 млн жакын), тажик тарап - 55% (175 млнго жакын), өзбек тарап - 8% алары көрсөтүлгөн", - деп белгиледи Сокеев.
Ошондой эле ал бүгүнкү күнгө чейин суу маселеси көтөрүлө электигин кошумчалады. "Биз жыл сайын сууну бөлүшчүбүз, баарына жетиштүү суу болгон. Ноябрдан март айына чейин суу сактагычты 90 миллионго толтурдук, март жана апрель айларында тажик жана өзбек тарапка бердик. Андан кийин апрель айынын аягында - май айынын башында биз өзүбүздүн 37% ды алабыз жана бул бизге жетиштүү", - деди ал.
"Бул суу бөлүүчү жай биздин жерибизде, ал эч качан башкаларга өткөн эмес", - деп түшүндүрдү Суу чарба департаментинин директору.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн