Чын курандын 17, 2024
Убакыт: 05:01
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

Суу камдап алыңыз. Бишкектин айрым райондорунда суу токтотулат

15.08.2022 11:38
381
Суу камдап алыңыз. Бишкектин айрым райондорунда суу токтотулат

16-17-августта борбор калаанын айрым райондорунда таза суу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.


“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы өз ишин улантууда.


Маалыматка ылайык, Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү №83 турак жайдын электр энергияга кошулуусуна байланыштуу 8-кичи райондогу №47 үйдүн насостук станциясын өчүрүү зарыл.


2022-жылдын 16-августунда саат 10:00дөн 18:00гө чейин таза суу берүү токтотулат.


Төмөнкү турак жайларда суу өчүрүлөт:

8 -кичи район. №45, №46, №47, №45/1, №46/1, №46/4;

Токомбаев көчөсү, №45/2.


Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын 17-августунда саат 10:00дөн 17:00гө чейин Кумарык көчөсүндө жаңы суу линиясынын тартылышына байланыштуу турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык объектилерге жана өнөр жайларга суу берүү токтотулат.


Дэн Сяопин проспектиси - Трудовая көчөсү - Пишпек көчөсү - Кеңсуу көчөсү чектешкен аймакта ичүүчү суу өчүрүлөт.


«Бишкексууканал» башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкка жана мекемелерге ичүүчү сууну камдап алууну сунуштайт.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн