Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Суу, турак-жай, мал уурулук. Ноокатта бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу уланууда

07.09.2022 12:02
379
Суу, турак-жай, мал уурулук. Ноокатта бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу уланууда

Бүгүн, 7-сентябрда министрлер кабинетинин тѳрагасынын орун басары Бакыт Тѳрѳбаев, ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, башкы прокурор Курманкул Зулушев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облусунун Ноокат районунун тургундары менен жолугушту.


Жыйындын жүрүшүндѳ жарандар ѳздѳрүнѳ тийиштүү кѳгѳйлүү маселелери боюнча суроолорду беришти. Жазгы жана күзгү эгиндерди айдоодо үрѳн маселеси менен камсыз кылуу ѳз учурунда берилбей кечигип жаткандыгы, сугат жана таза суу менен камсыз кылуу долбоорлорунун айланасындагы кѳйгѳйлүү маселелер, күйүүчү майлоочу майлардын, айыл чарба техникаларына керектүү запастык бѳлүктѳрдүн сапатын жана баасынын кѳтѳрүлүшүн кѳзѳмѳлдѳө, жолдордун абалы, турак жай жана башка социалдык маселелер кѳтѳрүлдү.


Ошондой эле жарандар тарабынан ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан мал уурулуктун бетинин ачылбай жаткандыгы, арыздарды кароо мѳнѳтү созулуп жаткандыгына даттанышты. Ошол эле учурда ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жарандардын милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнѳ байланышкан арыз-даттанууларды жазып алгандыгын жана арыз даттануулар боюнча мыйзам чегинде чечилүүсү боюнча кѳзѳмѳлгѳ ала тургандыгын жана бул маселе боюнча айрым кызматкерлер тартиптик жаза алгандыгын билдирди


Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, анда жарандар бийлик өкүлдөрүнө жеке көйгөйлөрү, район ичиндеги социалдык-экономикалык маселелер боюнча суроолорун беришти. Жыйындын катышуучулары ушундай жолугушууларды уюштуруп жарандарга арыз-даттанууларын айтып алганга мүмкүнчүлүк түзүп беришкендиги үчүн ыраачылык билдиришти.


Белгилей кетсек, аталган иш-чара президент Садыр Жапаровдун элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө жана жарандардын турмуш-тиричилигине байланышкан маселелер боюнча жеринде кабар алуу жана аны чечүү тапшырмасын аткаруу үчүн уюштурулуп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн