Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Суусамырда жол кырсыгынан эки адам каза болуп, үч бала ооруканага жеткирилди

Суусамырда жол кырсыгынан эки адам каза болуп, үч бала ооруканага жеткирилди


Бишкек — Ош унаа жолунун 171-чакырымында Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаа аласалып эки адам каза болду. Маалыматты Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тастыктады.


Билдирүүгө ылайык, түштүктөн түндүктү көздөй келе жаткан автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун карама-каршы тилкесине чыгып оодарылып кеткен. Окуя 8-июль күнү болжол менен саат 16:45те катталган.

Кырсыктын кесепетинен 39 жаштагы айдоочу жана анын 58 жаштагы кайненеси мүрт кеткен. Ал эми 14, 11 жана үч жаштагы балдары жаракат алып Бишкек шаардык №3 балдар ооруканасына жеткирилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн