Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Суваналиев: "Бүтүн Кыргызстан" партиясын шайлоодон четтетүү саясий буйрутма болду

04.09.2020 10:56
1169
Суваналиев: "Бүтүн Кыргызстан" партиясын шайлоодон четтетүү саясий буйрутма болду


Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча биз Жогорку сотко кайрылабыз. Бул тууралуу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын өкүлү Өмүрбек Суваналиев 4-сентябрдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, шайлоого аттанган бийликчил партиялар "Бүтүн Кыргызстан" партиясын жарыштан алып салууну көздөштү.


"Турсунбай Бакир уулунун арызы жөн эле шылтоо. "Бүтүн Кыргызстан" партиясын шайлоо жарышынан алып салышканы саясий буйрутма болду. Бул бийликчил партиялардын түзгөн схемасы. Биз БШКнын чечими боюнча сотко кайрылабыз. Өз укуктарыбызды коргойбуз", - деди Өмүрбек Суваналиев.


БШК 3-сентябрдагы жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” партиясын шайлоодон четтетүү чечимин кабыл алган. Мындай чечим партиянын тизмесиндеги одоно мыйзам бузууларга байланыштуу кабыл алынган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн