Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 19:55
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Сүйүн Курманова, эркин журналист: “Моралдык баалуулуктар өзгөрүп, алдамчылык менен шылуундук, эки жүздүүлүк менен айбандык алдыга чыкты”

29.11.2023 08:35
911
Сүйүн Курманова, эркин журналист: “Моралдык баалуулуктар өзгөрүп, алдамчылык менен шылуундук, эки жүздүүлүк менен айбандык алдыга чыкты”


- Сүйүн эже, бир айда үч ымыркайдын экөө таштанды челектен, бирөөсү бир үйгө таштап кеткен жеринен табылды. Бул нерсе эркектерден намыс, кыздардан уят кеткени үчүн болуп жатабы же караңгылыктын түбү ушундай дене бойду дүркүрөткөн окуялар менен коштолуудабы?


- Соңку кездеги окуялар коомдогу деградациянын далили. Табияттын аялга берген биринчи касиети – энелик сезим. Адам түгүл жаныбар да баласын жанын аябай коргогонго даяр турат. Тагыраагы, буга чейин ошондой болчу. Эми ошол негизги инстинкттин жаман жакка карай өзгөрүшү адамдын адамдыгына шек келтирет.

Бу жерде коомчулук “кыз күнөөлүү”, “жигит күнөөлүү” деп экиге бөлүнүп жатат. Менимче, дагы бир күнөөлүүнү – коомду кошууга болот. Туташ аракечтик, баңгилик, жумушсуздук, башаламан миграция буга чейинки үй-бүлө институтун кыйратты. Үй-бүлө модели бузулду, бири-биринин алдындагы жоопкерчилик жоголду. Моралдык баалуулуктар өзгөрүп, алдамчылык менен шылуундук, эки жүздүүлүк менен айбандык алдыга чыкты. Коомчулук бул же тигил көрүнүшкө туура баа бере албай калды. Моралдык анархия, хаос орноду. Ушундай шартта жарыкка келген наристелердин шору.


Мындай абалга баягы эле Батышты, аты жаман Американы, бери дегенде бейөкмөт уюмдарды күнөөлөп жатышат. Караңгылык. Башка кеп жок. Бир кездеги аракечтиктин, селсаяктыктын, бекерпоздуктун, зомбулук менен сабатсыздыктын “жемиши” экенин эч бири моюндагысы келбейт.


- Төрөп таштаган кыздарды жазаласак эле маселе чечилип, кыздар ыймандуу болуп калабы, же кыздарды ара жолго таштаган эркектерди да жазалоо керекпи?


- Мындай жорук үчүн кыздарды түрмөгө камап коюп маселе чечкенге болбойт го. Түпкү тамырын караш керек, менимче. 


Бир жолу мектептерди кыдырып, бүтүрүүчүлөрдөн “келечекте эмне кыласың?” деп сурасак, дээрлик 60 пайызы “Россияга жумушка кетем” деп жооп беришкен. Ошол эмгек миграциясына кеткен, тилди начар билген кыздардын далайы жумуш берүүчүлөрдүн сексуалдык курмандыгы болушат. 16-17 жаштагы кыздар мындай жорук үчүн өздөрүн күнөөлүү сезишип, жашырып жүрө беришип, акыры төрөп коюшат. Ата-энесинен корунуп, бир чети жумушсуз калгандан коркуп, айласыздан кылмыштуу ишке барышат. Негизи сексуалдык зомбулукка дуушар болгон кыздардын көбү өздөрүн күнөөлүү көрүшөт, зордукчуга көз каранды болушуп, айтканына көнүп жүрө беришет. Бул жерде диний көз караштардын да таасири өтө чоң. Бизде эркекти Кудайдан кийин эле коюп алышат да. “Машиненин астына эркек отурушу керек, баардык ишти да, ашты да эркек башташы керек” жана башка... 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Асема
Тура созунузго кошулам