Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 19:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Сүйүн Өмүрзаков ИИМдин ардагерлерин куттуктады

01.10.2021 14:52
437
Сүйүн Өмүрзаков ИИМдин ардагерлерин куттуктады

 Сүйүнбек Өмүрзаков ички иштер органдарынын ардагерлерин Эл аралык карылар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Жыл сайын 1-октябрь күнү жүрөккө жылуулукту толтурган эң жагымдуу жана сүйкүмдүү майрамдардын бири болгон Эл аралык карылар күнү белгиленет. Бул чечим 1990-жылдын декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган. 1-октябрь -өзгөчө майрам жана улуу муунга ыраазычылык, урмат-сый көрсөтүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.


Бул жыл да четте калган жок, ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаков жана ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев милициянын ардагерлерин Эл аралык карылар күнү менен куттукташты.


Сүйүнбек Абдылдаевич жана Султан Жоошбаевич ИИОнун ардагерлерине – Чоюнбек Сагынбаев, Акын Шаршенов, Бексырга Кубатович, Нина Ромашова, Динара Шакировага барышты. Алар ички иштер министри Улан Ниязбековдун атынан жылуу куттуктоолорду жана жакшы каалоолорду айтышты, азык-түлүккө толгон баштыктарды тапшырышты.


 “Сиздердин артыңыздарда чоң тажрыйба бар. Сиздер каада-салттарды жана адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоочуларысыздар. Жаш муунду колдоп, балдардын жана неберелердин ишенимдүү жардамчыларысыздар. Куттуктоо сөздөрдү жана чоң урматтоону кабыл алыңыздар. Сиздерге бекем ден соолук, бакубатчылык, кажыбас кайрат, дөөлөттүү карылык, жакшы маанай, оптимизм жана узак бактылуу өмүр сүрүүнү каалайбыз!”,-деди министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн