Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 02:11
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Сүйүн Өмүрзаков Кытай менен кызматташтыкты талкуулады

05.08.2021 18:20
704
Сүйүн Өмүрзаков Кытай менен кызматташтыкты талкуулады


 2021-жылдын 5-август күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин кеңешчи-кичи элчиси Ли Баоцзе менен жолукту. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


 Тараптар кыргыз-кытай алакаларын жана кызматташтыкты бекемдөө боюнча маселелерди талкуулашты. Жолугушууга Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин алдындагы Коомдук коопсуздук министрлигинин расмий өкүлү, кеңешчи Цай Чжисюн, анын орун басары, үчүнчү катчы Фань Цзюньвэй, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Нурбек Жангабылов дагы катышты. 


ИИМдин башчысынын биринчи орун басары учурашуу сөзүндө кыргыз милициясы Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин, Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин колдоосу менен Кытай Эл Республикасы тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардамдарды, достук жана жылуу мамилени жогору баалай тургандыгын баса белгиледи. 


 “Эки тараптуу мамилелер жөнүндө айта турган болсом, биздин министрлик менен Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин жана Коомдук коопсуздук министрлигинин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын оң динамикасын баса белгилегим келет”,-деди Сүйүн Өмүрзаков.


Мындан тышкары, министрдин биринчи орун басары Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин алдындагы Коомдук коопсуздук министрлигинин расмий өкүлүнө узак мөөнөттүү өнөктөштүгү, ошондой эле эки мамлекеттин укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жана кызматташтыгын өнүктүрүүгө жумшаган аракети үчүн ыраазычылык билдирди. Сүйүн Өмүрзаков Цай Чжисюн мырзанын Кыргызстандагы миссиясынын аяктап жаткандыгын өкүнүү менен кабыл алгандыгын айтып, ага ийгилик, тынчтык, бакубатчылык каалады. 


 Андан ары тараптар эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашып, эки мамлекеттин коомдук тартибин жана жарандарынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын укук коргоо органдарынын ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү жана өнөктөштүктү мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти. 


“Дагы бир жолу сизге терең урматымды билдирип, Кыргызстандын Ички иштер министрлиги мындан аркы кызматташууга даяр экендигин баса белгилейм. Өз ара аракеттенүүнүн вектору кылымдар бою калыптанып келе жаткан жакшы коңшулук мамилелерди мындан ары дагы өнүктүрүүгө жумшалат деп толук ишенем”,-деди Сүйүн Өмүрзаков. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн