- Сүйүн Абдылдаевич, ИИМ Кылмыш кодексине кылмыштуу топторго каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо. Ал сунуштар сиздердин комитетте каралдыбы? Эгер каралса, өзгөртүүлөр боюнча көз карашыңыз кандай?
- Уюшулган кылмыш тобу менен күрөшүүнү күчөтүүгө багытталган иш-чараларды, мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн саясатты, бул багыттагы мыйзамдарга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү мен толугу менен колдойм. Сиз айткан мыйзам долбоорлору боюнча азыркы учурда коомдук талкуу процесси жүрүүдө. Талкуунун жыйынтыгы менен дагы толуктоолор киргизилип, айрым ченемдер жеткиликтүү иштелип чыгып, дагы өзгөрүлүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан, азыр бул мыйзамдарга кандайдыр бир комментарий берүү эртерээк. Себеби, мыйзам долбоору иштелип чыккандан кийин коомдук талкуудан өтүп, анын жыйынтыгы менен дыкат каралып, мамлекеттик органдар менен макулдашуу процедурасы өткөн соң, министрлер кабинети тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет.
- Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш натыйжалуу болушу үчүн дагы кандай чаралар зарыл деп ойлойсуз?
- Уюшулган кылмыштуулук менен күрөшүү натыйжалуу болуш үчүн жалпы коомчулук да жардам берип, башка мамлекеттик органдар дагы жигердүү иш алып барышы керек. Бир гана мыйзамды күчөтүү менен укук коргоо органдары тарабынан көрүлгөн чаралар жетишсиз. Уюшулган кылмыштуу топтун лидерлери, мүчөлөрү эл арасында, коомдо жашашат, алар жөнүндө маалыматты эл жакшы билет. Андан башка уюшулган кылмыштуу топко карата административдик рычагды жана Укук бузуулар жөнүндө кодексти да күчөтүү зарыл деп эсептейм. Тагыраак айтсам, мамлекеттик кызматка алуудан мурда терең изилдениш керек, ошондой эле майда хулигандык, уруп-сабоо, автохулигандык, ок атуучу куралдар менен байланышкан укук бузуулар болгондо, жоопкерчилик күчөтүлгөн жазада болушу керек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн