Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Сүйүн Өмүрзаков өлкөнүн түштүгүндөгү коомдук тартипти сактоо иштерин жүргүзүүдө

09.10.2020 15:22
583
Сүйүн Өмүрзаков өлкөнүн түштүгүндөгү коомдук тартипти сактоо иштерин жүргүзүүдө


Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков өлкөнүн түштүгүндөгү коомдук тартипти сактоо боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учурдагы кырдаалды жөнгө салуу максатында министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Ош облусунда, Жалал-Абад облусунда жана Ош шаарында коомдук тартипти сактоону жергиликтүү милиция органдары менен биргеликте тиешелүү иш-чараларды координациялоодо.

"Жергиликтүү милиция башкармалыктарынын башчылары жана өздүк курамы толугу менен кызматта болушуп, коомдук тартипти сактоодо элдик кошуундар менен биргеликте ар кандай укук бузууларга жол бербөө максатында эл арасында тиешелүү иштерди алып барышууда.

Министрдин орун басары П.Асанов 26-сентябрдан бери коронавирус менен ооруп ооруканада дарыланып жаткан. Учурда ал амбулатордук режимде дарыланууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн