Ички иштер министринин биринчи орун басары болуп Адылбек Бийбосунов дайындалды. Бул маалыматты министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 11-октябрда билдирди.
Мурунку биринчи орун басар Сүйүн Өмүрзаков алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматынан кеткен.
А.Бийбосунов буга чейин ИИМдин Академиясынын жетекчиси, ИИМдин кадрлар башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн