Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 03:04
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Сүйүнбек Касмамбетов Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү министрин кабыл алды

24.01.2023 14:49
219
Сүйүнбек Касмамбетов Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү министрин кабыл алды

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 24-январда, Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү министри Дархан Кыдырали менен жолугушту.


Жолугушууда кыргыз-казак көп кырдуу кызматташтыгы, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү жолдору тууралуу пикир алышуу болду.


Мамлекеттик катчы Кыргызстан менен Казакстандын элинин кылымдардан бери келе жаткан биримдигин жана достугун белгиледи.


Сүйүнбек Касмамбетов өткөн жылы эки өлкө ортосунда мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар жогорку уюшкандыкта өткөнүн баса белгиледи.


Алсак, 2022-жылдын май айында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар маданий иш-чаралар уюштурулду.


Казакстандын Астана шаарында Кыргызстандын Маданият күндөрү болуп өттү. Кыргызстанда казак элинин классиги Абай Кунанбай уулунун 175 жылдыгына карата анын адабий мурасын кеңири жайылтуу максатында окуу жайларда илимий-практикалык конференциялар өтүп, илимий изилдөөлөр жарык көрдү. Орто билим берүү мекемелеринде казак адабиятынын алптары Муктар Ауэзов, Жамбыл Жабаевдин чыгармаларын даңазалаган атайын сабактар өткөрүлдү. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында казак жазуучусу Муктар Ауэзовдун үй музейи ачылганын эске салды.


Мамлекеттик катчы бүгүн өтө турган кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата кыргыз-казак интеллигенциясынын эл аралык форуму тарыхый мааниге ээ экенин белгиледи.


Ал бүгүнкү жолугушуу биргелешкен өз ара алаканы өнүктүрүүнүн мындан ары дагы тереңдетүү үчүн өбөлгө болорун билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн