Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:43
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Сүйүү менен чеберчилик айкалышкан жерден шедевр күтсө болот

11.01.2024 09:20
232
Сүйүү менен чеберчилик айкалышкан жерден шедевр күтсө болот


Сүрөткер дайыма жалгыз. Эгер ал чындап эле сүрөткер болсо. 

(Генри Миллер)


Чыныгы сүрөткер кекирейбейт, анткени, ал искусствонун чеги жок экенин түшүнөт. 

(Людвиг ван Бетховен)


Искусство билимди талап кылат. 

(Бертольт Брехт)


Адамгерчилик жок болсо искусство да жок. Кооз сөздөрдү тизмектеп коюу – бул искусство эмес. 

(Бертольт Брехт)


Чыгармачылык – жогорку эрдик, эрдик болсо курмандыкты талап кылат. 

(Василий Иванович Качалов)


Сүйүү менен чеберчилик айкалышкан жерден шедевр күтсө болот. 

(Джон Раскин)


Ар кандай сүрөткер адегенде ышкыбоз болгон. 

(Ральф Уолдо Эмерсон)


Чыгармачылык – бул өлүмдү өлтүрүү дегендик. 

(Ромен Роллан)


Эмне үчүн хасиддер бийлегенди жакшы көрүшөт? Анткени, адам бийлеген кезде жерден жогору көтөрүлө түшөт. 

(Хасид накылы)


Искуссво – бул сулуулук кейпиндеги даанышмандык. 

(Хорхе Анхель Ливрага)


Искусствого кызмат кылуу өтө оор жумуш. Башында да, ортосунда да, аягында да. 

(М.Каллас)


Искусствонун биринчи мыйзамы: айта турган сөзүң болбосо, унчукпа. Эгер айтар сөзүң болсо айт, бирок калп айтпа. 

(Р.Роллан)


Ичинде маңызы жок искусство ичи бош конвертке окшош. 

(Хорхе Анхель Ливрага)


Искусствонун мекени жок болгону менен сүрөткерлердики бар. 

(К.Сен-Санс)


Ар кандай искусство маңызы боюнча дуба сыяктуу. Ар кандай искусство Кудайдын кулагына багытталган. 

(Иосиф Бродский)


Бах мени Кудайга ишенүүгө аргасыз кылды. 

(Роджер Фрай)


Мен Кудайга, Моцартка жана Бетховенге ишенем. 

(Рихард Вагнер)


Илим тынчтандырат, искусство болсо тынчтык бербеш үчүн жаратылган. 

(Жорж Брак)


Искусствонун максаты – сулуулукту ачып, сүрөткерди жаап-жашыруу. 

(Оскар Уайльд)


Сүрөткердин милдети – адамдарды балага айлантуу. 

(Фридрих Ницше)


Илим бизди Кудайга айлантса, искусство адамга айлантат. 

(Аркадий Давидович)


Искуство – адамдын табияты, жаратылыш – Кудайдын искусствосу. 

(Филип Бейли)


Искусство ачканга чейин Лондондун туманын эч ким билчү эмес. 

(Оскар Уайльд)


Ат менен акын ток, бирок өтө семиз болбошу керек. 

(Карл IX)


Булбул дыйканга жардам бериши мүмкүн, эгер анын мойнуна камыт салбаса. 

(Лешек Кумор)


Эгер арстанды канарейканын капасына камап койсо, ал кушча сайрай баштамак. 

(Станислав Ежи Лец)


Эгер Галилей жер айланат деп ыр түрүндө жазса, инквизация ага тиймек деле эмес. 

(Томас Гарди)


Искусство – күзгү эмес, ал баарын эле четинен көрсөтүүгө милдеттүү эмес. 

(Гораций)


Искусство – табышмак. 

(Э.Григ)


Искусство жаратылыш сыяктуу. Эшиктен киргизбей койсоң, терезеңен кирет. 

(С.Батлер)


Искусство – бул улуттун кийими. 

(Оноре де Бальзак)


Искусство – бул адамзаттын ар-намысы. 

(X.Геббель)


Адам жаны жок өлүк болгон сыяктуу, искусство деле ойсуз, идеясыз өлүк. 

(В.Белинский)


Сүрөткер калпычы болушу мүмкүн, бирок искусство дайыма чындык. 

(Андре Моруа)


Ыңгайлуу шарт дейсизби? Сүрөткер үчүн ыңгайлуу шарт болбойт. Анткени, турмуштун өзү ыңгайсыз шарт. 

(Марина Цветаева)


Өмүр кыска, ал эми искусствого алпарчу жол узун. 

(Гиппократ)


Бир собор Кудайдын бар экендигин ырастаган жүздөгөн теологиялык далилге тең. 

(Джулиан Барнс)


Калем – бул мизи курчутулган кылычка караганда да өткүр курал. 

(Антонио Перес)


Балет – бул дүлөйлөр үчүн чыгарылган опера. 

(Эмил Кроткий)


Музыканы жазуу анчалык кыйын деле эмес, артыкбаш ноталарын өчүрүү кыйын. 

(Брамс)


Арамдык ойлобогон калп – бул калп эмес эле поэзия. 

(Сергей Довлатов)


Эгер биз картинага суктанып атып сүрөтчүнү унутуп койсок, бул ал үчүн эң жогорку мактоо болот. 

(Фридрих Шиллер)


Чыныгы артист бирөөнөн көчүрүп жатып деле бирдеке жаратып коёт. 

(Гюстав Лебон)


Сын чыгармачылыкка караганда да көбүрөөк мадияттуулукту талап кылат. 

(Оскар Уайлд)


Таланттуу актрисалардын чыргоолугун кечириш керек, себеби, таланты жок айымдар деле чыргоолонуп атышпайбы. 

(Жюль Ренар)


Шедевр – бул атасы өлгөндөн кийин гана ысымга ээ болгон ымыркай. 

(Андриан Декурсель)


Классик деп биз жазгандарын окубай туруп деле мактаса боло турган кишини айтабыз. 

(Гилберт Честертон)


Мамат Сабыров 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн