Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 20:56
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Сузакта окуучуну таякча менен урган мугалимге сөгүш берилди

20.04.2023 15:28
626
Сузакта окуучуну таякча менен урган мугалимге сөгүш берилди

Кечээ интернет тармагында мугалим окуучуларга көрсөткүч таякча (указка) менен кол көтөргөнү тартылган видео тараган. Буга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги үн катты.


Ведомство Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн берген маалыматына таянып билдиргендей, аталган окуя 2023-жылдын 12-апрелинде Сузак районуна караштуу Көк-Арт айыл өкмөтүндөгү №11 Мариям Орозалиева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде катталган.


Аталган орто мектептин 67 жаштагы физика мугалими Абдулашым Жолболдуев (эмгек стажы 46 жыл) 8-класстын окуучуларына сабак өтүп жаткан. Мугалим менен окуучулардын ортосундагы түшүнбөстүк окуучулар физика сабагынан лабораториялык тапшырманы аткарбагандыгы үчүн келип чыккан.


Бул окуя боюнча мектеп администрациясы чукул жыйналыш өткөрүп, физика мугалими Абдулашым Жолболдуевге КР билим берүү мыйзамына жана мугалимдин этикасына туура келбеген иш-аракети үчүн мектеп жетекчиси тарабынан КР Эмгек кодексинин 146-беренесине ылайык, сөгүш жарыяланды.


Ал эми №11 М. Орозалиева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору К.Р. Азимбаевге Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн кезексиз коллегиясынын чечими менен КР Эмгек кодексинин 146-беренесине ылайык, эскертүү берилмекчи.


Бул окуяга байланыштуу 8-класстын окуучуларынын ата-энелери тараптан эч кандай арыз түшкөн эмес.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн