Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 01:50
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Сузак районунда 200 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

25.11.2022 11:47
584
Сузак районунда 200 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

24-ноябрда КР президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев Сузак районунун Таран-Базар айылындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушуна капсула салды.


Өкүлчүлүктөн билдиргендей, аталган айылдагы мектепке болгон муктаждык маселеси өткөн жылы президент Садыр Жапаров менен жергиликтүү тургундардын жолугушуусунда көтөрүлгөн. Ага ылайык, өлкө башчысы жаңы мектептин курулушун жеке көзөмөлүнө алган.


Эки кабаттуу билим берүү мекемеси 200 орунга ылайыкташкан. Каражат республикалык бюджеттен каржыланып, тендердик наркы 56 млн 862 миң сомго бааланып, мектептин курулушун 2023-жылдын сентябрь айына бүткөрүү пландалган. Буга чейин эскилиги жетип, беш жылдык билим берип келген мектепте 139 окуучу окуйт.


Облус башчысы курулуш иштеринин жүрүшү көзөмөлдө болоорун айтып, мектепти 11 жылдык жалпы билим берүүгө өткөрүү аракеттери көрүлөөрүн билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн