Бугу 14, 2024
Убакыт: 21:17
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Сузак районунда жерди мыйзамсыз берген архитектура кызматкери кармалды

24.02.2023 11:06
238
Сузак районунда жерди мыйзамсыз берген архитектура кызматкери кармалды

Сузак райондук архитектурасынын кызматкери кармалды. 


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2023-жылдын 21-февралында, КР УКМК Жалал-Абад областык Башкы башкармалыгында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунда (Алдамчылык) кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында, Сузак райондук архитектурасынын адиси А.Н.О. кармалды.

  Такталгандай, К.О.С.  Кыргыз Республикасынын жаранын ортомчу кылуу аркылуу жер тилкесин берүү боюнча Сузак айыл өкмөтүнүн жасалма токтомун пайдаланып, жеке турак жай куруу үчүн 2 жер тилкесин мыйзамсыз сатып жиберген.

 

Мындан улам, бөлүнгөн жер тилкелери (Дыйкан жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун) жерлери болгон жана «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык жалаң гана айыл чарба өндүрүшүнө арналган.

  Кармалган А.Н.О таандык жумуштук кеңсесин тинтүү учурунда Сузак районунун Сузак айылындагы жер тилкелеринин жасалмалоо белгилери бар 200дөн ашык документтери табылып алынган.

 "Учурда кармалган А.Н.О. жана К.О.С. байланыштуу башка ушул сыяктуу кылмыштарга катышуусу боюнча тиешелүү тергөө амалдары жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. 

   Жалал-Абад облусу боюнча УКМКнын Башкы башкармалыгы мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын катышуусунда жер участоктору менен алдамчылык фактылары боюнча мыйзам бузуулар болгон болсо жарандарды жана шаар тургундарын 03722 56049, 03722 54961 нөөмөт кызматына кайрылууну өтүнөт",- деп айтылат билдирүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн