Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 23:20
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Сузакка өзгөчө кырдаал киргизилди

18.03.2020 10:20
1154
Сузакка өзгөчө кырдаал киргизилди


Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал киргизилди.  Бул тууралуу Жалпыга маалымдоо каражаттарына Сузактын акими Эрмек Алянов билдирген.  


Маалыматка ылайык, жарандык коргонуу комисиясынын чечиминин негизинде райондун аймагына биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал киргизилди. Коронавирус учуру катталган Благовещенка жанка Бостон айылдарындагы үй-бүлөлөрдүн бир-бирине каттоосуна чектөө коюлуп, район боюнча үйдө той-аш өткөрүүгө жана чогулууга тыюу салынды.


Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 18-мартка караган түнү ооруга чалдыккан үч киши аныкталды. Алар Кыргызстанга 12-март күнү учуп келишкен.  Учурда алар менен бирге учакта чогу келген 135 адам такталып, алардын 90дон ашууну обсервацияга жаткырылган.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн