Сузак районунда Камчыбек Ташиевдин демөөрчүлүгү менен жол асфальт алды. Бул тууралуу Өткүрбек Рахманов билдирди.
"Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин демөөрчүлүгү менен Сузак районундагы Барпы айыл өкмөтүндө 1800 метр узундуктагы И.Карабаев атындагы көчө жана Боз-Чычкан айылы менен Беш-Мойнок айылын бириктирип турган узундугу 800 метр болгон Маматоктоев атындагы көчөлөргө асфальт төшөлдү. Аталган жолдор жергиликтүү тургундарга пайдаланууга берилди",- деп жазылат билдирүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн