Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 01:45
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Сузакта өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

25.09.2020 10:19
886
Сузакта өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө


Сузак РИИБ тарабынан өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында бир топ профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик жана дин өкүлдөрү, мектеп мугалимдери менен тыгыз кызматташып, окуучулардын терс жолго түшүүсүн болтурбоо үчүн район аймагындагы ар бир айыл аймактарда чакан жыйындар өткөрүлүүдө. 


Бул жерде өспүрүмдөр аралашкан кылмыш жана кырсыктарга бөгөт коюу чаралары жана аны ишке ашыруу жолдору талкууланып жатат.


Мындан сырткары жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери ата-энелерге балдарын көзөмөлгө алуу керектигин эскертишүүдө. 


Аралыктан окуусун текшерүү жана түнкү убакыттарда себепсиз көчөгө чыгарбоо зарылдыгын жеткиришүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн