Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 08:26
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Сузакта милиция кызматкерлери пара менен кармалды

22.06.2022 14:26
1210
Сузакта милиция кызматкерлери пара менен кармалды


Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөөсүнүн ыкчам кызматкерлери пара алып жаткан учурунда кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 21-июнда УКМК Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен биргеликте Сузак райондук ИИБ кылмыш иликтөө бөлүмунүн ыкчам кызматкерлерин 15 миң сом акча каражатын пара катары алып жаткан учурунда кармашты.

Такталгандай, К.А.А. жана Э.А.А. аттуу Сузак РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери райондун жашочусун кылмыш жообуна тартуу менен коркутуп, жасалма арыз материалдарын жасашып, оң чечим чыгарып беребиз дешип 40 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылышкан, анын 25 миң сомун мурда алышкан.

Бул факт боюнча УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү ("Пара талап кылуу") менен кылмыш иши козголду.

Кармалгандар УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн