Бугу 13, 2024
Убакыт: 22:30
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Сузакта "Кадастрдын" кызматкери мамлекетке 1 млн сомдон ашык зыян келтирген

07.10.2021 22:00
517
Сузакта "Кадастрдын" кызматкери мамлекетке 1 млн сомдон ашык зыян келтирген



УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында,"Кадастр" МИ Сузактагы филиалынын директорунун орун басары "С.З.Т." кармалды.  Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


"Кадастр" МИ Сузактагы филиалынын кызматкерлери өзүнүн кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, суу коргоо зонасынын аймагында жайгашкан жер тилкесин "Калктуу конуш" категориясына которуу боюнча тиешелүү документтери, ошондой эле укукту аныктоочу документтери жок болгонуна карабастан берип жибергени аныкталган.   


2021-жылдын 5-октябрында КР Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык,  "Кадастр" МИ Сузактагы филиалынын директорунун орун басары "С.З.Т." Жалал-Абад шаарынын ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  


Аталган мыйзамсыз иш-аракеттердин натыйжасында мамлекетке 1 миллион 21 миң 560 сом зыян келтирилген.


Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн