Бугу 14, 2024
Убакыт: 21:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Сузакта селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө (фото)

21.07.2021 12:10
683
Сузакта селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө (фото)

Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагында үйлөрдү каптаган селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады.


2021-жылдын 20-июль күнү болжол менен саат 17:00дө чамасында жааган жаандын кесепетинен Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Достук, Чангыр-Таш айылынын үстү жагындагы колотто даярдалган бийиктиги 18м, узундугу 150м, туурасы 50м болгон сел тосмого жамгыр суулары толуп, үстүнөн ашып темир сброско батпай калгандыктан, бийиктиги 6 метр болгон 50 метр аралыгын сел суулары жеп кеткен. Натыйжасында Чангыр-Таш айылындагы турак жай, короо там аркаларын сел суулары каптап (саны тактаклууда), Сузак-Кара-Дарыя автоунаа жолунда жол каттамы толук токтоп калган.азыркы учурда жол каттамы ачык. Мындан сырткары, Кара-Дарыя а/а Чангыр-Таш айылынын Талып палван көчөсүнүн №4 үйүнүн тургуну 2015-ж.т. Манапова Арууке ата-энесинин майор С.Наржигитовго берген маалыматы боюнча сел сууларына агып кеткен. Саат 22:50 чамасында Манапова Аруукенин жансыз денеси Чангыр-Таш айылынын Апчиников көчөсүнүн тургуну Ш.Сатыбалдыевдин үйүнүн короосунан жергиликтүү тургундардын жардамы менен табылды. 


Тартылган күч жана каражаттар жана аткарылган иш чаралар: Сузак району боюнча ӨК бөлүмүнүн полковник А.Карабековдун жетекчилигинде ыкчам топ, КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник А.Закиров жетекчилигинде ыкчам топ, КР ӨКМнин ӨКБжМЖДнин 2 кызматкер, Сузак району боюнча ӨКБнүн №65 ӨК-КБнөн 17 куткаруучу,(чыгуу 07:38) №54 ӨК-КБнөн 6 куткаруучу, №59 ӨК-КБнөн 10 куткаруучу, Жалал-Абад шаары боюнча ӨКБнүн №20 ӨК-КБнөн бөлүмдүн башчысы капитан К.Маматкуловдун жетекчилигинде 36 куткаруучу,(чыгуу 07:43) КР ӨКМнин №2-ӨИКОнан подполковник М.Эргешовдун жетекчилигинде 22 куткаруучу, Көк-Жаңак шаарындагы КР ӨКМнин 5-ӨМТККВнан улук л-нт Болотбек уулунун жетекчилигинде 12 куткаруучу, Сузак райондук ИИБнөн 59 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 210 адам жана 103 кызматынан 4 кызматкер, жалпы 379 адам. саат 07:55те жетишип тазалоо жана сел каптаган турак үйлөрдү тактоо жумуштары жүрүп жатат. 


Жалпы 6 атайын автожүктөгүч жана 1 бирдик грейдер техникалары тартылган: 2 жеке менчик, 1 Кара-Дарыя айыл өкмөтү тарабынан, 1 Сузак айыл өкмөтү тарабынан, 1 жайыт комитети тарабынан жана 2 ДЭП-22 мекемесинен тартылды. 

К

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн