Бугу 17, 2024
Убакыт: 01:29
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Сузакта жергиликтүү тургунду белгисиз адамдар сабап, 7000 доллар акча талап кылган

09.11.2022 15:14
284
Сузакта жергиликтүү тургунду белгисиз адамдар сабап, 7000 доллар акча талап кылган

Тоноого жана опузалап талап кылууга шектелген жаран кармалды. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматынан кабарлашты.


Маалым болгондой, кылмыш-жаза кодексинин “тоноо” жана “опузалап талап кылуу” беренелери менен козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк региону боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. 2022-жылдын 22-октябрь күнү Сузак районунун аймагында жергиликтүү тургунду бейтаныш адамдар жолугушууга чакырышкан. Жолдун жээгиндеги кафелердин биринде жабырлануучуну күч менен унаага салып, адамдар жок жерге алып барышкан. Андан соң аны сабашып, акча каражатын ачык түрдө тартып алышкан. Коркутуу жолу менен дагы 7000 АКШ долларын талап кылышкан.


 Бул факты боюнча иликтөө иштери башталган. Ыкчам иш-чараларды ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк региону боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзүшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча жогорудагы кылмыш ишине карыздарды күч менен өндүрүп берүү жана опузалап талап кылуу менен алектенишкен мурда соттолгондордун, спортчулардын тиешеси бардыгы аныкталды. 

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында бул кылмыш ишине тиешеси бар Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну 1998-жылы туулган С.уулу Ш. Бишкек шаарынын аймагынан кармалды. Ал мурда соттолгон. 


 Азыркы учурда тоноо жана опузалап талап кылуу фактысы боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле, жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн