Теке 26, 2025
Убакыт: 08:13
USD
87.20
87.70
EUR
102.10
103.10
RUB
1.090
1.130

Сузактын акими элди дүрбөлөң түшпөөгө чакырды (видео)

18.03.2020 11:40
1258
Сузактын акими элди дүрбөлөң түшпөөгө чакырды (видео)


Сузак районунда тынчсызданууга негиз жок. Мындай пикирин аталган райондун акими Эрмекбай Омошев билдирди.

 

"Урматтуу Жалал-Абад облусунун тургундары. Анын ичинде Сузак районунун тургундары. Бүгүн тастыкталган маалымат боюнча райондун аймагында 3 коронавирус ооруган учур катталды. Бүгүн карантин жарыяланат. Өзгөчө кырдаал киргизилди. Мына ушул Өзгөчо кырдаалдар учурунда эч кандай кооптонууга негиз жок. Медициналык гигиенаны толук сактасаныздар бул ооруну женебиз. Азык-түлүк запастары жетиштүү, кооптонууга негиз жок", - деп айтылат видео билдирүүдө.  


Белгилей кетсек, буга чейин Саламаттыкты Сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Сузак районунда 3 тургундан коронавируска чалдыкканы аныкталганын кабарлаган.  



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн