Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 16:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Свердлов райондук прокуратурасы жерге байланыштуу 30 мыйзам бузууну аныктады

25.08.2023 09:48
382
Свердлов райондук прокуратурасы жерге байланыштуу 30 мыйзам бузууну аныктады


2023-жылдын 8 айында Свердлов райондук прокуратурасы жер тилкелерин менчикке жана ижарага берүү жаатында 14 текшерүү жүргүзүп, 30 мыйзам бузууну аныктаган. Бул тууралуу райондук прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аларды четтетүү максатында 4 сунуштама, 9 талап жана 1 доо арыз келтирилип, 3 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган. Анын негизинде 2 млн 967 миң 691 сом мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн.

Алсак, жер мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу максатында Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Эмгек резерви" республикалык дене-тарбия спорт борборунун мөөнөтсүз пайдалануусундагы 1,74 га жер тилкесине ижара келишиминин мыйзамдуулугу текшерилген.

Текшерүүнүн жыйынытыгы менен аталган жер тилкеси мыйзамды одоно бузуу менен ижарага берилгендиги, ошондой эле аталган ижара келишимдин негизинде ижарачыга жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүк берилгени аныкталган. Белгиленген мыйзам талаптарын бузууларды четтетүү максатында жогоруда көрсөтүлгөн ижара келишимин жараксыз деп табуу жөнүндө доо арыз келтилирип, бүгүнкү күндө Свердлов райондук сотунда кароодо турат.

Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча иштер улантылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн