Свердлов районунун мектептеринин арасында "Свердлов району Ковидге каршы" аттуу чакырык башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Педагогикалык жамаат жана мектеп окуучулары шаардыктарды эмдөөдөн өтүүгө чакырат.
Бул чакырыкка №43чү, №46чы жана №52- орто мектептердин окуучулары жана мугалимдери кошулушту. Алар шаардыктарды эмдөөдөн өтүүгө жана башка мектептерди эстафетага катышууга чакырышат.
Иш-чара коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнү колдоо максатын көздөйт.
Эске салсак, мекемедеги “Жашыл аймак” стикери бул мекеменин кызматкерлеринин 70%дан ашыгы коронавирус инфекциясына каршы вакцина алганын көрсөтүп турат.
"Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалда эмдөө абдан зарыл, биз сиздерди “Биз жашыл аймактабыз” флешмобун колдоого чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн