Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:01
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Света Тойгонбаева, айтымчы: Садыр Жапаровдун жанында саткындар толуп алган

07.12.2020 12:49
6849
Света Тойгонбаева, айтымчы: Садыр Жапаровдун жанында саткындар толуп алган


Белгилүү айтымчы Света Тойгонбаева NazarNews.kg сайтына маек берип, президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун жанына саткындар толуп алганын билдирген.


«Садыр Жапаров сак болбосо Кыргызстанда дагы бир чоң өзгөрүүлөр болот. Кырдаал курчуп кетиши толугу менен мүмкүн. Элдин ою бир жерде эмес болсо саясатчылардын ою онго бөлүнүп кетти. Кыргызстандагы саясатчылардын баары бирикпесе, мамлекеттин тагыдыры талкаланганы турат. Азыр ошол ич ара бөлүнүп турган саясатчылар мамлекетти сактап калганга аракет кылып, «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарышы» керек. Абал билинбегени менен оор.  Ич ара түндүк-түштүк маселеси жок эмес, бар.

 

Бул бийлик дагы «кыргыз эли үчүн иштейбиз» деген аракети бар, бирок майнап жок. Карапайым эл Жапаровду колдогону менен саясаттагы адамдардын 90% пайызы колдобостон Жапаровдун жанында маалымат алыш үчүн гана жүрөт.

 

Жапаровдун саясатына толугу менен каршы. Жапаров мыйзамдарды кабыл алууда абайлашы керек, эл менен эсептешип койсун, анын жанындагы саткын саясатчылар толтура», - дейт Света Тойгонбаева.

 

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Медет.
Эн сабатсыз,ынанымы жок ошоштуруп жалпы соз менен урдуруп коюптур.Эл сокур эмес сенсиз эле коруп шаабайы сууп калды.Колдогу чексиз жерлерин,шахтасын, Жылдызканга колдон алып берген жерин,"Ысык-Кол"мейманканасын,банктан алган 80 млн.тагдырын айтпайсынбы корогоч болсон.
Таа
Елдин козу ачылбады дегеле.Жагымдуу убадаларды берсе еле татыксызлы шайлап кирет.
Сейдалы
Айтымчысыз деле элдин копчулугу билип калды.