Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 03:07
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Т.Акеров: Абал мындан да курчуп кетсе, өкмөт шайлоону жылдырууну сунуштай алат

20.07.2020 17:07
1400
Т.Акеров: Абал мындан да курчуп кетсе, өкмөт шайлоону жылдырууну сунуштай алат


Парламенттик шайлоо белгиленген мөөнөттө өткөнү жакшы. Мындай пикирин саясат иликтөөчү Табылды Акеров "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. 


Түз эфирде парламенттик шайлоону жылдыруу керекпи деген суроонун алкагында талкуу жүрүүдө. Ага БШКнын мурдагы мүчөсү Рашид Бекбасаров, коомдук ишмер Кадыр Кошалиев дагы катышууда. 


Табылды Акеровдун пикиринде, өлкөдө оору басаңдаса, коомчулукта деле шайлоону жылдырыш керек деген пикирлер азаят.


"Эгер вирус мындан дагы көбөйүп, аймактарга жайылып кетсе, аны ооздуктоого өкмөттүн алы келбей калса, анда өкмөт шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу сунушу менен парламентке кайрыла алат. Албетте, шайлоо белгиленген мөөнөттө өткөнү жакшы. Бирок, бүгүнкү абалда эң негизгиси адамдардын өмүрү болуп жатпайбы. Бүтүндөй дарыгерлер, саламаттыкты сактоо тармагы бир багытта аракет көрүп, биринчи кезекте өлүмдү токтотушу керек", - деди саясат иликтөөчү. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн