Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Авазбек Атаханов 2022-жылдын 31-майында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «ФЕТО террордук уюму» деген темада өткөн семинар тууралуу маалымат тараганына байланыштуу комментарий берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Анын айтуусунда, бул эл аралык университет дүйнөнүн эки боордош элинин ортосундагы достукту чыңдоо механизми катары жана Кыргызстан менен Түркиянын сапаттуу жогорку билим берүүгө болгон умтулуусунун көрүнүшү катары түзүлгөн.
"Окуу жайдын жетекчилиги эки өлкөнүн элдеринин ынтымагынын духуна таянып, мындай иш-чараларга өзүнүн аянтчасын берип, араздашуунун себилишине салым кошпошу керек",- деди Атаханов.
Анын пикиринде, бул университет эки тараптуу билим берүү жаатындагы эң ийгиликтүү долбоорлордун бири болгондуктан, кандайдыр бир күчтөрдүн саясий инсууациясынын куралына айланбашы керек.
Авазбек Атаханов бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы жалпы коомчулукка жеткириле тургандыгын кошумчалады.
Эске салсак, Кыргызстандагы Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган 31-майда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Фетхуллахчы террор уюму. Параллелдүү мамлекеттик түзүм” деген аталышта өткөн семинарда сүйлөп жатып, Фетхуллах Гүлендин тарапташтарына катаал чаралар болорун айткан.
Анын сөзүнө ылайык, Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемелеринин дипломдору Түркияда жараксыз деп табылат, лицейдин администрациясына укуктук чара көрүлөт. "ФЕТОну" колдогон айрым адамдарга Түркияга кирүүгө тыюу салынары айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн