Тышкы иштер министрлиги Россияда жашаган Кыргызстандын жарандарынын россиялык банк карталарынын бөгөттөлүшү боюнча комментарий берди.
Ведомствонун маалыматына ылайык, Россия Федерациясында 2025-жылдын 5-февралында жаңы укуктук режим – өлкөдөн чыгаруу режими киргизилген, ал Россия Федерациясында жүргөн, бирок өлкөнүн аймагында жүрүүгө (жашоого) мыйзамдуу негиздери жок чет өлкөлүк жарандарга карата колдонулат.
Чет өлкөлүк жарандардын бул категориясы көзөмөлгө алынган адамдардын тиешелүү реестрине киргизилип, банк кызматтарынан пайдаланууга, кыймылсыз мүлктү каттоого, транспорт каражаттарын башкарууга жана никеге турууга тыюу салынат.
"2025-жылдын 5-февралында Кыргызстандын 67 миңге жакын жараны көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилип, алардын басымдуу көпчүлүгүнүн банктык карталары бөгөттөлгөн. Бул категориядагы жарандар көзөмөлгө алынган адамдардын реестринен чыгарылып, банктык карталарын бөгөттөн чыгаруу жана башка чектөө чараларын алып салуу үчүн өлкөдөгү укуктук абалын жөнгө салууга же Россия Федерациясынан чыгып кетүүгө тийиш", - деп айтылат билдирүүдө.
2025-жылдын 30-апрелине чейин өз укуктук статусун жөнгө салууну каалаган жарандар Россия Федерациясынын аймагында убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө тиешелүү арыз менен Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органдарына (Москва шаарында жашаган жарандар үчүн «Сахарово» көп функционалдуу миграциялык борборуна) кайрылууга жана иш берүүчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгектик же жарандык-укуктук келишимдин көчүрмөсүн берүүгө тийиш.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкүдөй жол-жоболордон өтүшү керек:
- өзүңүздүн биометрикалык маалыматыңызды берүү (милдеттүү түрдө мамлекеттик манжа изин жана сүрөткө тартуудан өтүү);
- медициналык текшерүүдөн өтүү;
- Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык төлөнүүгө тийиш болгон милдеттүү төлөмдөр боюнча төлөнбөгөн карыздары жок болушу шарт.
Бул учурда, эгерде уруксаты бар (убактылуу жашоого уруксаты, жашоого уруксаты, эмгектик же жарандык-укуктук келишими) жогоруда көрсөтүлгөн жол-жоболордон өткөн жарандар көзөмөлдөгү адамдардын реестрине киргизилсе, аларды реестрден чыгаруу үчүн Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органдарына кайрылуу керек.
Мындан улам КРнын Тышкы иштер министрлиги көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине кирбөө үчүн Кыргызстандын жарандарына жакынкы аралыкта бардык документтерин иретке келтирүүнү жана Россия Федерациясында мыйзамдуу жүрүүсүнө байланышкан бардык маселелерди чечүүнү дагы бир жолу сунуштайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн