Стамбулда жоголгон 20 жаштагы кыргызстандык кыз табылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы Башкы консулдугуна шилтеме берүү менен Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Издөө иш-чараларынын натыйжасында эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын, ошондой эле Кыргызстандын Түркиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн биргелешкен ишинин натыйжасында дайынсыз жоголгон КР жараны Ж.Ш.Б. аман-эсен табылды", — деп айтылат маалыматта.
Учурда кызды Кыргызстанга кайтаруу маселеси каралууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн