Тышкы иштер министри Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганга нааразылык нотасын тапшырды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, жолугушууну Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев өткөргөн. Жолугушууда Ахмет Доганга нааразылык нотасы тапшырылган.
ТИМ Түркиянын атайын чалгындоо кызматы Орхан Инандыны Кыргызстандан чыгарып кеткени Адам укуктары тууралуу эл аралык номарны жана эки өлкө ортосундагы дипломатиялык байланыштарга доо кетирерин билдирди.
Кыргыз тарап Орхан Инандыны Кыргызстанга кайтарып келүү жана анын ден соолугуна зыян келтирбөө боюнча тапшырма берди.
ТИМден билдирүүсүнө караганда, Орхан Инандыны кайтарып келүү үчүн бардык аракеттерди көрөрүн кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн