Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 16:14
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

ТИМ башчысы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча пикирин билдирди

20.02.2023 18:00
499
ТИМ башчысы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча пикирин билдирди

Бүгүн, 20-февралда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде 2022-жылдын жыйынтыгы тууралуу отчет берди.


Отурумда депутат Миргүл Темирбаева кыргыз-тажик мамилеси жана чек арасындагы кырдаал тууралуу сурады.


"Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Тажикстандын мамилеси салыштырмалуу түрдө оңолуп келе жатат.Биз тышкы саясатта Кыргызстандын суверендүүлүгүн сактап, татыктуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мамиле кылып келебиз.


Былтыркы жылы июль айында Тажикстандын президенти Кыргызстанга келген. Ошондо "карама-каршылыкты коюп, жакшына кызматташтыкты бекемдөө, чек араны чечүү боюнча кол алышканбыз" деген менен сентябрда кайра эле абал курчуп кетти. 

Ошол кезде биз дагы, Тажикстан дагы элчилер менен кызматташууну токтототкон.


Азыркы учурда абал оңолуп, кичине жылыш болуп жатат",- деди министр.


Жээнбек Кулубаев чек арадагы абал боюнча маалымат алып турганын,  чек ара толук чечилгенден кийин Тажикстандын Кожент шаарында консулдук ачуу ниети бар экенин кошумчалады. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн