Бугу 15, 2024
Убакыт: 07:41
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

ТИМ чет өлкөлөрдөн жалпы канча кыргызстандык алынып келингенин айтты

11.06.2020 09:20
1084
ТИМ чет өлкөлөрдөн жалпы канча кыргызстандык алынып келингенин айтты


Тышкы иштер министрлигинде 10-июнда ТИМдин Коомдук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйынга КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков жана министрликтин кызматкерлери катышты. Жыйында И.Болджурова төрагалык кылды. 


ТИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жыйын 2010-жылы июнь окуяларында каза болгондорду эскерүү үчүн бир мүнөттүк аза күтүү менен башталды.


Министр Ч.Айдарбеков ТИМдин COVID-19 пандемиясына байланышкан өзгөчө кырдаал шарттарында аткарган иши тууралуу Коомдук кеңештин мүчөлөрүн кенен тааныштырды.


Атап айтканда, ТИМ жана КР чет өлкөлөрдөгү мекемелери биргеликте өлкөбүздү жеке коргонуу каражаттары, зарыл медикаменттер менен камсыздоо боюнча гуманитардык жана техникалык жардамды тартуу иштерин мобилизациялады. 2020-жылдын 20-майына карата лабораториялык тесттер үчүн 215 миң тест-системалар жана 3000 ашуун реагенттер, 1,15 млн бир жолку маскалар, 140 миңден ашуун фильтрлүү көп жолку респиратордук маскалар, 85 миң коргонуучу комбинезондор, 734 миң медициналык мээлейлер, антисептик жана санитайзер түрүндөгү 28 миң литр дезинфекциялоочу каражаттар тартылган. 


Экспресс-тесттер, ПЦР тесттер жана аларга реагенттер түрүндөгү гумжардамдын алгачкы маанилүү партиялары Россиядан, Кытайдан, Кореядан, Беларусиядан, Түркиядан келген. Германиянын өкмөтү 500 000 евро өлчөмүндө финансылык жардам пакетин көрсөттү. Гуманитардык жардам ошондой эле АКШдан, Өзбекстандан, Казакстандан, Япониядан, Швейцариядан, Ирандан, БАЭден берилди.


Министр ошондой эле чек аралар жабылган, каттамдар токтотулган шарттарда КР жарандарын чет өлкөлөрдөн алып келүү боюнча дипломаттардын аткарган ишин белгиледи. Атап айтканда, бул кыйынчылыктарга карабастан, ушул жылдын февраль айынын башталышынан тартып 9 июнга чейинки аралыкта 40 чет өлкөдөн 13 304 КР жараны алынып келинген. 


Жыйындын жүрүшүндө Коомдук кеңештин мүчөлөрү ТИМ менен КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин коронавирус пандемиясы мезгилинде мындан ары эффективдүү өз ара аракеттенүүсү боюнча сунуштарды беришти. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн