Бугу 16, 2024
Убакыт: 13:31
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

ТИМ кыргызстандыктарды Эквадорго барбай турууга чакырды

11.01.2024 11:01
215
ТИМ кыргызстандыктарды Эквадорго барбай турууга чакырды


Эквадордо каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчилигинин маалыматына таянып кабарлады.


Билдирмеге караганда, кыргыз жарандары консулдук каттоодо да жок.


"Эквадордун Кито шаарында башамаландык уланууда. Кылмыштуу топтор менен укук коргоо органдарынын ортосундагы куралдуу кагылышуулардан полиция кызматкерлери жана жай тургундар көз жумган. Алардын арасында КР жарандары жок. Министрлик Эквадордун ичинде саякаттабай жана ушул убакта аталган өлкөгө барбай турууга чакырат", — деп айтылат кабарда.


ТИМ өзгөчө кырдаал жана шашылыш суроолор жаралган учурда мекендештер министрликтин Консулдук департаментинин 996 999 312 002 номерине жана элчиликтин +1 202 256 2924 телефонуна кайрылса болорун эскертти.


Белгилей кетсек, учурда Эквадордо мафиянын козголоңунан кийин массалык башаламандык башталып, түрмөлөрдө бунт чыгып ири банданын лидери качып кеткенден кийин өлкө президенти Даниэль Нобоа 40 күндүк өзгөчө кырдаал режимин киргизген

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн