Россия менен Казакстандын чек арасындагы «Озинки» өткөрүү пунктунда чек арадан өтүүгө келген Кыргызстандын жарандарынын саны көбөйгөндүгү тууралуу маалыматка байланыштуу Тышкы иштер министлиги билдирүү таратты.
ТИМдин маалыматына ылайык, 23-августта Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери Россиянын Саратов облусуна жөнөтүлгөн.
Элчиликтин кызматкерлери «Озинки» өткөрүү пунктунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чек арада унаалардын топтолушу Москвадан багыт алган жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшү эс алуу күндөрүндө адаттагыдай эле көрүнүш экендиги тууралуу маалымат алышкан.
Учурда «Озинки» өткөрүү пунктунда чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын топтолушу жок. Бул пункт аркылуу унаалар эркин режимде өтүүдө.
Ошондой эле «Озинки» өткөрмө пунктунун өкүлдөрү «Маштаково» өткөрмө пунктундагы кесиптештеринен маалымат алып, алар да орус-казак мамлекеттик чек арасында жарандардын өтүү кезеги жоктугун билдиришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн