Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 21:50
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

ТИМ пакистандыктар тууралуу дагы бир билдирүү таратты

25.08.2021 16:03
548
ТИМ пакистандыктар тууралуу дагы бир билдирүү таратты

Пакистандын бардык жарандары Кыргызстанга келердин алдында өз өлкөсүндө коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшөт. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.


Билдирүүгө ылайык, пакистандыктар өлкөсүндө Sinopharm, AstraZeneca, Pfizer жана “Спутник-V” вакцинасын алат. Аталган маалымат Пакистандын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан тастыкталган.


Мындан сырткары, Кыргызстанга кирүү үчүн чет элдик жаранда акыркы 72 саатта өткөн ПЧР-тесттин жыйынтыгы милдеттүү түрдө болушу керек. Ошондой эле өлкө аймагына кирүүдө жарандар тиешелүү текшерүүдөн өтүшөт.


Эскерте кетсек, Афганистандын жарандарына виза берүүгө убактылуу тыюу салынган (дипломатиялык жана кызматтык визадан тышкары).

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн