Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын курчушун алдын алуу үчүн келишилген макулдашуулардын аткарылышын жактайт. Бул тууралуу министрликтин расмий өкүлү Авазбек Атаханов билдирди.
Өкүл бардык маселелер саясий жана дипломатиялык жолдор менен гана чечилиши керектигин белгиледи. Ошондой эле тараптарды конструктивдүү жана боорукер маанайды түзүүгө чакырды.
Бүгүн, 3-июнда түшкө жуук Тажикстандын чек арачылары Баткен районундагы Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөнүн чек ара кызматы кабарлаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн