Кулжа 20, 2025
Убакыт: 15:18
USD
87.30
87.80
EUR
100.20
101.20
RUB
1.100
1.130

ТИМге караштуу “Е-Дипломат”мамлекеттик мекемеси түзүлдү

20.06.2025 11:41
18
ТИМге караштуу “Е-Дипломат”мамлекеттик мекемеси түзүлдү


Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу “Е-Дипломат”мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.


Документке ылайык тышкы миграция чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу, уруксат берүү чөйрөсүндө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу, ошондой эле виза жана миграция маселелерине комплекстүү мамилени камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесин, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

  1. Тышкы иштер министрлигине караштуу “Е-Дипломат” мамлекеттик мекемесин (мындан ары – мамлекеттик мекеме) түзүү зарыл деп эсептелсин.

  2. Бул жарлыкты ишке ашыруу мамлекеттик мекеменин кызматкерлеринин эмгек акысы боюнча чыгымдарды кошкондо, Тышкы иштер министрлигинин атайын эсебинин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

  3. КР министрлер кабинети бир айлык мөөнөттө:

1) өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирсин;


2) Мамлекеттик мекеме жөнүндө жобону жана мамлекеттик мекеменин штаттык санын иштеп чыксын жана бекитсин;


3) Тышкы иштер министрлигинин штаттык санын 40 бирдикке көбөйтүү боюнча чараларды көрсүн;

4) ушул жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.


  1. Бул жарлыктын аткарылышын контролдоо президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн