Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 23:32
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Т.Ормуков Текебаевге каршы чыгып, Жапаровго жан тартабы?

04.12.2020 16:38
752
Т.Ормуков Текебаевге каршы чыгып, Жапаровго жан тартабы?

Жарандык активист, көзү азиз акын Темирлан Ормуков Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча Административдик соттун чечимине каршы доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-декабрда маалымат жыйында билдирди.


Административдик сот Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу жөнүндө чечим чыгарды, бирок бул анын автоматтык түрдө мандатынан ажыратылат дегенди билдирбейт. 10 күндөн ашык убакыт өттү, ал дагы деле болсо депутаттык кызматты ээлеп отурат. Ал апрель-май айларына чейин бул кызматтан кетпейт баарыбир”, – деди Ормуков.


Активист белгилегендей, алдыда дагы бир апелляциялык инстанция, Жогорку сотто кассациялык инстанция бар экенин, бул арада Текебаевдин мандатынан ажырабай турганын белгиледи.


Ошондой эле, Ормуковдон башка да жаран Текебаевден депутаттык мандатты мыйзамсыз алуусу боюнча сотко кайрылганы белгилүү болду. Эки жаран бир иш менен сотко кайрылса да, бирдей сот отурумунун чогуу өтпөгөнүнүн себебин эки доочу эки башка тилде арыз жазганында болгону маалым болду.


Текебаевге каршы чыксам Жапаровчусуң дешет, Жапаровко каршы чыксам Текебаевчи дейт. Деги кимисине эле каршы чыгып чындыкка жетүүнү аракет кылсаң, сөзсүз анын оппонентинин тарапташы экениңди айтышат. Мен эч кимдики эмесмин, мен атам менен апамдын эле кишисимин. Эч кимге жабыштырбай эле койгула мени. Каалаганым коррупция жана мыйзамсыздык менен көпчүлүктөй болуп интернеттен лайк басып, комментарий жазып күрөшпөй, же болбосо аянтка таш көтөрүп чыга калып кыйкырбай эле мыйзамдуу жол менен чындыкка жетүү”,- дейт Темирлан Ормуков.


Акын жана активисттин айтымына караганда, азыркы учурда бир гана Текебаев менен Жапаровго тиешелүү иштер менен алек эмес. Ошондой эле, учурда парламентте отурган 62 депутаттын мыйзамсыз мандат алганы тууралуу да сотко кайрылууну пландоодо. Айтымына караганда, ал тизме Талант Мамытовдон башталып, Эльвира Сурабалдиева менен бүтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн