Тогуздун айы 07, 2024
Убакыт: 17:20
USD
84.85
85.35
EUR
92.60
93.60
RUB
0.875
0.920

Цивилизация жана «Бүркүт уядагы» бүлүнүү

25.01.2024 11:54
8208
Цивилизация жана «Бүркүт уядагы» бүлүнүү


Айылыма келип моминтип,

Айламды таппай кейидим.

Арманда турам мен бүгүн,

Бабамдын таппай бейитин…

Таңгалам... жаткан көп бейит,

Дөңгөлөк тепсеп жол болгон.

Машина жолго айланып,

Көрүстөн минтип кор болгон!

Санап жүрүп күнү-түн,

Рыноктун тыйынын.

Калбады беле о айылым,

Кадыр туткан ыйыгың?..

Уркуңду айылым унутуп,

Рухтун тартпай убайын.

Магдырап көзүң жумдуңбу?

Машине болуп кудайың!

Айланайын тууган жер,

Адырың неге муңаят?

Жалгыз каз учат төбөңдө,

Асманың неге сумсаят?

Атыр жел сокпой негедир,

Абаң бензин жыттанат!

Айылым неге суз тостуң?

Алыстан келген балаңды.

Кучагың ачып кубантпай,

Козгодуң ичте жарамды…

Сагынычым жазылбай,

Санааркай бердим басылбай.

Капалуу туруп сурадым,

Кабагым менин ачылбай.

Күтүрөгөн төрт түлүк,

Малың кайда, айылым?

Нарктуу кептен сүйлөгөн,

Чалың кайда, айылым?

Ак элечек байбиче,

Карың кайда, айылым?

Томурулган карындан,

Майың кайда, айылым?

Асылым айылым, берекем,

Кеттиби сенин берекең?

Баягы айкөл пейилиңди,

Таппай калган мен экем.

Сатылат дейсиң бардыгы, 

Арың кайда, айылым?

Акысыз «ме» деп сунулчу,

Наның кайда, айылым?

Берекелүү меймандос,

Жаның кайда, айылым?

Акчага баарын алмашып,

Адебиңден кеттиңби?

Кыздарың басат жылаңач,

Ыйманыңдан кечтиңби?

Баласы сабап атасын,

Ыйык чектен өттүңбү?

Ат көтөргүс баягы,

Баркың кайда, айылым?

Ата салтын сактаган,

Наркың кайда, айылым?

Жолдо башың адашып,

Оорудубу, айылым?

Четтен келген илдеттер,

Тоорудубу айылым?

Намыс деген асылың,

Соолудубу, айылым?

Боз үйүңдү темирден,

Жасадыңбы, айылым?

Өзүң дагы темирдей,

Катасыңбы, айылым?

Төрүңдөгү баягы,

Төөң кайда, айылым?

Кишенеген капталдан,

Бээң кайда, айылым?

Жол көрсөтүп ээрчиткен,

Ээң кайда, айылым?

Четтен келген үгүттү,

Жаттайсыңбы, айылым?

Өз элиңдин салттарын,

Аттайсыңбы, айылым?

Желбиретип көтөргөн

Тууң кана, айылым?

Кыйкуулап учкан көгүңдө,

Кууң кана, айылым?

Бабаң Манас сыяктуу,

Пириң кайда, айылым?

«Манасты» айтып сайраган,

Тилиң кайда, айылым?

Манас деп ураан чакырган,

Дилиң кайда, айылым?

Өзгө тилди туу кылып,

Жатасыңбы, айылым

Өз тилиңди сандыкка

Катасыңбы, айылым?

Баткагына маңкурттун,

Батасыңбы айылым?

Өз энеңди ок менен

Атасыңбы, айылым?

Тоолоруң карап, айылым,

Томсоруп бүгүн турамын.

Бирин-серин көрүнөт,

Эчки-теке, улагың.

Жети асканын башында,

Жетимсирейт уларың.

Дөңгөлөк жатат көзүндө,

Булганган тунук булагың.

Кайсы арыма дердеңдейм,

Бузулуп жатса турагым!

Рынокту түлкүдөй,

Жойлойсуңбу, айылым.

Соодадан башканы,

Ойлойсуңбу, айылым?

Акча менен алтынга,

Тойбойсуңбу, айылым?

Дүнүйөгө жагынып,

Сойлойсуңбу, айылым?

Арааңыңды ачканды,

Койбойсуңбу айылым?

Минтип жүрсөң өзүңдү,

Сойбойсуңбу, айылым?

Адебиңди акыры,

Оңдойсуңбу, айылым?

Ата журттун намысын,

Коргойсуңбу, айылым?

Мурункундай асылкеч,

Болбойсуңбу, айылым?

Абийир жолун адашпай,

Жолдойсуңбу, айылым?

Ушул жолдо жеңишти,

Тойлойсуңбу, айылым?

Балалык баскан чаңдуу жол,

Жашырдың кайда изимди?

Үстүңдү асфальт каптаптыр,

Көрсөтпөй сенин жүзүңдү.

Жыңайлак баскан жолумдун,

Топурагын өпсөм деп,

Балалыгым кубалап,

Дагы бир чуркап өтсөм деп,

Сагынып келип алыстан,

Бозоро түштүм капыстан,

Балалык изим көрө албай,

Цемент жолдун астынан…

Алдына күлүк чыгарбас,

Жоргоң кайда, айылым?

Ата-бабаң ойногон,

Ордоң кайда, айылым?

Колго кармап, чүкө аткан,

Сакаң кайда, айылым?

Түндүгүңдү жөлөгөн,

Бакан кайда, айылым?

Мелт-калт сунган аякты,

Пейили кенен апалар.

Кайда аттанып кетишкен?

Берекелүү аталар.

Кайда бая тилалчаак,

Татынакай балалар?

Кайда кыздар мончоктой,

Аппак гүлгө барабар.

Кайдан чыкты бүгүнкү

Нарк билбеген арамдар?

Кайда өскөн азыркы,

Багыты жок жарандар?

Ажыраган уяттан – 

Журтту бузган жамандар.

Чынарбайлар андан көп,

Чык татырбас сараңдар…

Арбын экен айылымда,

Адашышкан караандар. 

Чет өлкөлүк үгүттү,

Жол туттуңбу айылым?

Кыргыз атың тебелеп,

Кор туттуңбу айылым?

Аскарбегиң ары жок,

Башка динге өттүбү?

Байкесин ээрчип Батмакан,

Баптизмге көчтүбү?

Сарыгул балаң арабдын,

Сакалын барып өптүбү?

Мойнуна крест тагынган,

Паранжыны жамынган,

Улут безер уул-кыз,

Уу жуткузуп кеттиби?

Чынар болот дегендин,

Чырагы минтип өчтүбү?

Жолоочуну кондурган,

Салтың кана, айылым?

Айкөлдүк деп аталган,

«Алтын» кана, айылым?

«Кыргыз» деген баягы,

Даңкың кана, айылым?

Түбөлүк турган эрибей,

Мөңгүң неге кемиди?

Бүркүтүң кетти каякка,

Туурун неге жериди?

Ээн калган тамдар көп,

Огород-жайы куураган.

Тукумдарың кайда учту?

Аталар көчүп улаган?

Айылым, үстү жагыңда,

Ак аскаң неге кулаган?

Талаалаттың балдарды,

Бирин эмес, тогузун.

Уулуң жашайт Римде,

Кызың жашайт Кырымда,

Таштап ата конушун!

Илинип мыкта дубалда,

Чертилбей турат комузуң…

Кыйкуулап учкан үстүңдөн,

Аңырың кана айылым?

Аркарлар өткөн жүгүрүп,

Адырың кана айылым?

Ажайып жерге жарашкан,

Кадырың кайда, айылым?

Күн болуп тийген адамга,

Жарыгың кайда, айылым?

Айылым, өзүң куласаң,

Ата журт өчөт билип ал.

Абыке-Көбөш жоругун,

Кулагыңа илип ал.

Өз очогун куруткан,

Көзкаман болбо, тилимди ал.

Ата-тегиң унутсаң,

Тамырыңды курутсаң,

Коңшу элдер сени карабас.

Киши деп бизди санабас.

Айланайын айылым,

Ары баспай, бери бас!

Жашы менен карысы,

Сотканы тиктейт баарысы.

Экранда даң салат,

Киллерлердин жарышы.

Киши өлтүргүч кинолор,

Жаштардын болду «дарысы».

Кыргызың үчүн буларың,

Кызыктын болду нагызы.

Китептер калды окулбай,

Китептин чыкпайт дабышы.

Сагызгандын уясы,

Сайда калды айылым.

Тукумга берген тарбияң,

Кайда калды, айылым?

Көгүчкөндүн уясы, 

Көлдө калды, айылым.

Башаламан тарбияң,

Чөлдө калды айылым.

Алтын кениң кузгунга,

Талатыпсың, айылым.

Жоруларды өзүңө,

Каратыпсың, айылым.

Алп «киттерди» айбыкпай,

Кучактапсың айылым.

Жардамына эреркеп,

Бышактапсың айылым.

Алды-артыңды ойлонгун,

Чыргага калба тутулуп.

Миллиарддын оозуна,

Кетсең канттиң жутулуп…

Конушуң неге чүнчүттүң?

Уясы элең бүркүттүн.

Тууру элең шумкардын,

Турагы элең тулпардын.

Бапестеп багып калыпсың,

Эшектерге жем берип.

Бүркүттөн карга озуптур,

Калың капчык дем берип.

Куу түлкү жойлоп ичиңди,

Иттериң басат сенделип...

Эгемендик бактыңды,

Түшүнгүнүң айылым.

Эркиндигиң ыйыктап,

Күтүнгүнүң айылым.

Эл-жериңдин сактагын

Бүтүндүгүн айылым.

Өз жолуңду дааналап,

Тактасаңчы айылым.

Өзөк кенчиң пааналап,

Сактасаңчы айылым.

Айкөл Манас нарктарын,

Жактасаңчы айылым.

Асыл мүлктү акчага,

Сатпасаңчы айылым.

Жаман жерге жамбаштап,

Жатпасаңчы айылым.

Ата мурас байлыгын,

Чачпасаңчы айылым.

Чачылганды чогултуп,

Каттасаңчы айылым.

Бугу-Энеңди жаа менен,

Атпасаңчы айылым.

Осуятын бабанын,

Жаттасаңчы айылым.

Келечекти азыртан,

Баптасаңчы айылым.

Тирек болор урпакты, 

Таптасаңчы айылым.

Ата журттун үмүтүн,

Актасаңчы айылым!

Мекениңе мээримдүү,

Очок болчу айылым,

Ак калпак калкың таянар,

Омок болчу айылым.

Айлап айтса түгөнбөс,

Жомок болчу айылым.

Айланайын айылым,

Кайра кайтчы наркыңа,

Баш ийбей базар шартына,

Мурдагыдай баркыңа.

Ала-Тоонун ичинде,

Ак жылдыздай жаркыра!

Адеп менен ыйманга,

Түнөк болчу айылым.

Аңсап келип ичээрге,

Мүрөк болчу айылым.

Ала-Тоо – Ата журтуңа,

Жүрөк болчу айылым!

Түпкү уңгуну жаңыга,

Ашташтырсаң, канаке!

Синтездөөнүн илимин

Максат кылсаң канаке!

Умтулуп алга кетсең да,

Уюткуң сакта, айылым.

Капиталга жетсең да,

Каадаңды сакта айылым.

Өйдөгө канат каксаң да,

Өзөгүң сакта айылым.

Көкөлөп учуп чыксаң да,

Көрөңгөң сакта, айылым.

Бүтүндүгүң бузбагын,

Бүркүттү кондур тууруңа.

Ата салтын унутпай,

Аргымак мингиз уулуңа.

Жаңыны кошо ала жүр

Заманбап турмуш курууга.


Советбек Байгазиев  
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн