Бугу 16, 2024
Убакыт: 13:13
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Таалатбек Масадыков Афганистадагы кырдаалды Пакистандын өкүлү менен талкуулады

22.10.2021 14:06
778
Таалатбек Масадыков Афганистадагы кырдаалды Пакистандын өкүлү менен талкуулады

21-октябрда КР Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков федералдык министр даражасындагы Пакистандын премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Моид Юсуф менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Афганистандагы жана анын айланасындагы кырдаалды, аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашты.


Эки тарап тең Афганистандагы кырдаалды эртерээк турукташтыруунун маанилүүлүгүн жана регионалдык коопсуздукту камсыздоо үчүн эл аралык коомчулуктун аракеттерин бириктирүү зарылдыгын белгилешти.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн