Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 16:06
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Таалатбек Масадыков Азербайжандын ТИМ башчысы менен Афганистандагы кырдаалды талкуулады

22.12.2021 17:30
543
Таалатбек Масадыков Азербайжандын ТИМ башчысы менен Афганистандагы кырдаалды талкуулады

Үстүбүздөгү жылдын 21-декабрында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Азербайжандагы элчилигинен кабарлашты.


Тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн перспективалары боюнча пикир алышты. Эки өлкөнүн ортосундагы байланыштар, анын ичинде жогорку деңгээлдеги сапарлар мамилелердин мындан аркы өнүгүшүнө түрткү болорун баса белгилешти.


Жолугушууда тараптар ошондой эле Ооганстандагы кырдаал, анын коңшу өлкөлөргө тийгизген таасири, Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезексиз жыйынынын жыйынтыгы боюнча пикир алышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн