Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 10:57
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Таалатбек Масадыков: Биз мамлекеттин бүлүнүшүнө өтө жакынбыз

07.12.2020 12:10
1141
Таалатбек Масадыков: Биз мамлекеттин бүлүнүшүнө өтө жакынбыз

 

Биз аягы жок хаостун түрмөгүндө эмеспиз – биз толук хаостобуз. Ал эми мамлекеттин бүлүнүшүнө биз чындыгында өтө жакын калдык. Бул тууралуу platon.asia га Кыргызстандагы кырдаал тууралуу берген маегинде саясатчы Таалатбек Масадыков билдирди.


Төмөндө ошол маектин текстин кыргызчага которуп беребиз.


- Кече жакында Сиз Кыргызстандагы болуп жаткан саясий процесстер мыйзамсыз экенин билдирдиңиз. Таалатбек Шамудинович, болуп жаткан бардык саясий турбуленттүүлүк жакында аздыр-көптүр укуктук талаага кайтып келе турганынын белгилери барбы?


- Мамлекетте Негизги мыйзам – Конституция бар, аны менен мамлекет ушул жылдын 5-6-октябрындагы окуяларга чейин жашаган. Мыйзам кимдир-бирөөгө жагабы же жокпу, мыйзам  туурабы же коомчулуктун бүгүнкү талабына жооп бербейби, бул дагы жооп берүүгө туура келе турган суроо.


Бирок, эгерде ачык фальсификацияланган шайлоолордун жыйынтыгында аны менен макул болбогон саясий партиялардын өкүлдөрү аянтта каршылык менен чыгышкан болсо жана ал каршылыктардын натыйжасында бийликке жаңы саясий күчтөр келсе, ал күчтөр негизги мыйзамды карманып, жаңы парламенттик шайлоону, андан соң президенттик шайлоону өткөрүүгө милдеттүү болчу. Ошондон кийин гана конституциялык реформа менен алек болушу керек эле. Бирок жаңы күчтөр башка жол менен кетишти. Менин көз карашымда, бул саясий процесстер мыйзамсыз.


Жаңы бийликтин өкүлдөрү жана конституциялык өзгөрүүлөргө, башкаруу формасы боюнча референдумга каршы чыгып жаткан саясий күчтөр реалдуу диалог баштоого, бири-бирин угууга аракет кылат жана цивилдүү жол менен көпчүлүккө жаккан чечимге келишет, укуктук талаага кайтууга жардам кылышат деп үмүт кылам. Бирок, азырынча тараптар бири-бирин укпай жатат жана турбуленттуулук уланууда.


- Таалатбек Шамудинович, Сиз маектериңиздин биринде Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн демократия эмес, мамлекеттин тоталдык криминал дүйнөсүнө сүңгүп кирип кетүүсүн алдын-алуу үчүн катаал тартип керек деп айткансыз. Бирок, азыр Кыргызстан мурда болуп көрбөгөндөй мыйзамдын үстөмдүгүнө, адилеттүү демократиялык процедураларды жана укуктарды реализациялоого муктаж болуп тургансыйт?


- Менин түшүнүгүмдө катаал тартип, мыйзамдын негизинде жана мыйзамдын үстөмдүгү. Мыйзамдар иштебесе демократия – демократия эмес. Демократия, демократиялык процедуралар жана укуктар тууралуу айтканда, түрдүү мамлекеттерде түрдүү саясий күчтөр бул процедураларды жана укуктарды түрдүүчө ишке ашырат. Демократияга берилген баарын бирдиктүү критерийи барбы? Тилекке каршы, Кыргызстанда демократия боюнча лозунгдар гана бар. Бизде реалдуу түрдө бар жападан жалгыз демократиялык нерсе – бул балким сөз эркиндиги. А калгандарында – толук түрдө хаос, анархия жана биздин коомдун жашоосундагы бардык сфераларда толук башаламандык.


Таалатбек Шамудинович, айрым эксперттер азыр Кыргызстан бүлүнүүнүн чегинде, аягы жок хаоско сүңгүп кетүү алдында деп айтышууда. Сиз бул пикирге кошуласызбы, же сиздин мамлекетте бүгүнкү кыйынчылыктардын баарынан ийгиликтүү өтүп кетүүгө кандайдыр бир жашыруун мүмкүнчүлүктөр барбы? 


- Мен биз аягы көрүнбөгөн хаоско сүңгүп кетүү чегинде эмеспиз – биз көптөн бери эле толук хаостобуз деп айтат элем. А  мамлекеттин бүлүнүшүнө биз чындыгында эле дал азыр өтө жакынбыз.


Ошол эле убакта биздин эл бүгүнкү кыйынчылыкты аркага калтыра алат деп мен ишенем. Ушул жылдын жайында мамлекетте коронавирус күчөп турган маалда, өкмөт өзүнүн жөндөмсүздүгүн жана компетентсиздигин көрсөттү, ал эми карапайым кыргызстандыктар өкмөттүн жардамы жок эле өздөрүн өздөрү уюштуруп, бири-бири жардам кыла аларын далилдеди. Мындай мисалдар мамлекетибизди али бардык үмүт жоголбогондугунан кабар берип турат.


- Бир катар саясат таануучулар Кыргызстан эч качан Борбор Азиядагы демократия аралчасы болгон эмес, ал эми сиздерде болгон бардык революциялар бийлик кезектеги авторитардык режимге өтүп кеткенинен улам болгон мамлекеттик төңкөрүштөр болуп саналат деп айтышууда. Бирок, балким мына ушул бардык дуулдаган саясий процесстер өзүнө кандайдыр бир демократиялык плюрализмдин, жарандык саясий катышуучулардын жаралган элементтерин камтыйт чыгар?


- Менин көз карашымда, Советтер Союзу кулагандан кийин биринчи президент А. Акаевдин башкаруусундагы алгачкы 5-7 жылда чындыгында биринчи демократиялык процесстер, реформалар Борбордук Азияда дал ушул Кыргызстанда башталган. Ал убакта биз сыймыктануу менен Кыргызстан – демократия аралчасы болуп саналат деп айтчубуз. Бирок, тилекке каршы, бул демократиялык реформалар аягына чыккан жок жана кийин ал тескери процесске кетти.


2005, 2010 жана 2020-жылдардагы окуяларды кимдир-бирөөлөр революция деп атайт, а дагы башкалары жөн гана төңкөрүш дешет. Албетте, бул окуяларды революциялар деп атоо кыйын. Бирок, биз ал окуяларды кандай гана атабайлы, ошол окуялардын жыйынтыгында биздин жарандык коом сапаттуу өстү жана биздин эл мамлекеттин бардык бурчунда мурдагыдай жашагылары келбей турганын ачык билдиришти. Бул оң жана керектүү процесс.


- Менин көз карашымда сиздердин коомдо азыр демократиялык саясий баалуулуктар жетишээрлик кеңири тарап жатат, муну октябрь окуялары да көрсөттү. Мисалы, жарандар дружинага биригип алышып, өз эрктери менен бишкектиктердин тынчтыгын коргошту. Таалатбек Шамудинович, Сиз ушул феномендер боюнча кандай ойдосуз?


- Бул жарандык коомдун орногонунан, карапайым кыргызстандыктарда жүйөөлүү маани жана акылмандык бар экенинен кабар берет. Албетте, мындай феномендер көбүрөөк шаарлардын жарандарынан чыкты, себеби шаар жарандарында билимдүүлүк жана алардын саясий активдүүлүгү айыл жана кыштактардын жарандарына караганда дайыма жогору болуп келген.

 

Маектешкен Талгат Мамырайымов

  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн