Бугу 17, 2024
Убакыт: 03:27
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Таалатбек Масадыков ЕБнын Афганистан боюнча өкүлү менен жолугушту

05.12.2022 13:52
265
Таалатбек Масадыков ЕБнын Афганистан боюнча өкүлү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү Таалатбек Масадыков Европа Биримдигинин Афганстан боюнча атайын өкүлү Томас Никлассон жана Евробиримдиктин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн Элчиси Мэрилин Йосефсон менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.


Европа делегациясы менен болгон жолугушууга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Афганстан боюнча атайын өкүлү, өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи Авазбек Абдуразаков дагы катышты.


Тараптар Афганстанда болуп жаткан кырдаалды жана афган элине гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантуу максатында өз ара кызматташууну талкуулашты. Ошондой эле, аймактык чакырыктар боюнча пикир алышуу менен бирге аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жасоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.


Таалатбек Масадыков, жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатып, Батыштын жана Афганстандын ичинде жана бүтүндөй аймакта күндөн-күнгө татаалдашып бараткан кырдаалды жөнгө салуу жолдорун тез арада издөөнүн зарылдыгын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн