Бугу 22, 2024
Убакыт: 07:07
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Таалатбек Масадыков: «Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак чоң мамлекеттердин, чоң контрабандисттердин кесепети болушу мүмкүн»

03.05.2021 11:32
1086
Таалатбек Масадыков: «Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак чоң мамлекеттердин, чоң контрабандисттердин кесепети болушу мүмкүн»


Баткен облусундагы болуп өткөн кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш тууралуу эксперт Таалатбек Масадыков журналист Али Токтакуновго берген маегинде өзүнүн пикирин жана сунуштарын билдирди. Анын айтымында бул окуянын кайрадан кайталынып кетпеши үчүн азыр Баткенде атайын штаб ачылышы керек.


«Бул кырдаалдан чыгуу үчүн эң эле биринчи кадам, азыркы Ташиев менен Тажикстандын УКМКсынын башчысынын сүйлөшүүсүнүн негизинде сөзсүз чаралар көрүлүшү керек. Азыр дагы кеч эмес, Баткенге бир штаб катары ачылыш керек деп ойлойм. Эки өлкөдө өз-өзүнчө штаб ачылат, бирге штаб ачылбайт. Биз өзүбүздүн гана штабды ачышыбыз керек. Сөзсүз президенттин өкүлү түздөн-түз президенттин өзүнө, түздөн-түз министрлерге чалып, аларга маалымат берип, алардан буйрук же макулдук алып тура турган штаб түзүлүш керек эле мурда. Азыр да кеч эмес. Экинчиден, сүлөштүкпү, тынчыдыкпы, же тынчыбадыкпы, мен ойлойм бизде аскерлер бар деп. Эми профессионал аскерлер да бар, профессионал эместери да бар. Тажрыйбасы, билими жоктор дагы бар деп айтсак болот. Баткендин жанына да, Лейлекке да согушканы эмес, тынчтыкты сактоо үчүн, орду-ордуна койдуруу үчүн бир батальон катары аскер жөнөтүш керек. Кыргыздардын үйлөрүн түрттүрбөй, күйгүздүрбөй жана кыргыздар да тажиктердин үйлөрүн түрттүрүп, күйгүзбөй тургандай аракеттерди жасай турган аскерлер барып жайгашышы керек эле. Себеби коркунуч дагы деле бар. Бул коркунуч боюнча биз көптөн бери эле айтып келатабыз. Ушуну менен эле токтоп каларына мен ишенбей турам. Анткени өкмөт башчылар сүйлөшсө дагы, президенттер сүйлөшсө дагы ар кандай башка күчтөр бар. Мен сырткы күчтөрдү айтпайм, мамлекеттин көзөмөлүндө болбогон башка күчтөр бар. Экинчиден, сырткы күчтөр бар», - дейт ал.


Бул чырдын чыгышына себептердин бири чоң контрабандисттер болушу мүмкүн экенин жана алардан кутулмайынча мамлекет оңолбой тургандыгын айтат эксперт.


«Мен чоң контрабандисттер тууралуу айтып жатам. Наркотрафикти контролдогон контрабандисттер, курал-жаракты контролдогон контрабандисттер жана бензин менен дизелди контролдогон контрабандисттер тууралуу. Буга өкмөт башчыларынын алы жетпестигинде кеп эмес. Көбүнчө өкмөттүн башындагылар өзүлөрү ошол контрабанданын ичинде отурат. Анткени мына карап көргүлөчү, биздин парламентте отургандардын канчалары контрабандисттер. Контрабандисттер өтө чоң зыян келтирет. Анан аларга каршы өкмөт күчтүү болбосо кандай чара көрө алат? Өкмөт өзү аралашып, алардын дасторконуна аралашып, тамак жеп, алардын колунан бирдеме алып, ошого көнүп калган биздин чоңдор кантип анан аларга каршы сөз сүйлөй алат? Ошондуктан биз көп жылдан бери өзүбүздүн ички саясатта айтып келгенбиз, биздин мамлекетке жаңылануу керек деп. Жаңылануу дейсиңерби, же туура, татыктуу кадр саясаты дейсиңерби, же болбосо люстрация дейсиңерби айырмасы жок. Натыйжасы бүгүнкү күндөгү мамлекетте отурган жаштар болобу, орто жашындагылар болобу, мурдагылар болобу, буларга көнүмүш болуп калган. Акаевдин маалында деле башталган нерсе болчу, бирок өзгөчө Бакиевдин маалынан тартып, кийин Убактылуу өкмөт, Атамбаевдин маалында бул коррупция деген нерсе бардык жерде таркап кеткен. Президентке чейин таркаган нерсе болчу. Мына ушул нерселерге аралашып, алардын тамыры менен чырмалышып калган адамдардан кутулмайынча, мамлекет оңолбойт», - дейт Масадыков.


Бул чырдын чыгышына себепкер болушу мүмкүн деген күчтөр тууралуу мындайча пикирин билдирет эксперт:


«Бүгүнкү күндө социалдык түйүндөрдү карап көрсөңүздөр, кээ бирөө батыш мамлекеттерин күнөөлөп жатат, кээ бирөө Россияны күнөөлөп жатат. Кээ бирөө чоң контрабандисттерди күнөөлөп жатат, ушулардын кесепетинен деп. Мен ойлойм, үчөө тең болушу мүмкүн. Өтө чоң мамлекеттер өзүлөрүнүн кызыкчылыгы үчүн кылымдар бою ар кандай саясатты колдонуп, ар кандай кадамдарга барганга даяр болчу дагы, азыр дагы даяр. Муну биз такыр жок деп айта албайбыз, эч кимисине карата. Мага жакпаган нерсе бул болду, биз кыргыздар дагы, тажиктер, белорустар, казактар, армяндар, орустар, баарыбыз ОДКБга киребиз. Анан 29-апрелде ОДКБнын мүчө мамлекеттеринин Коопсуздук кеңешинин катчылары жыйыны Душанбеде болуп жатты. Ошол маалда болуп жаткан сокку, ошол маалда болуп жаткан согуш болуп кетти. Ошондо бирөөсү дагы бир ооз сөз айтып, «Өзүбүздүн ОДКБнын ичинеги эки мамлекет эмне үчүн согушат?» дегенге эч кимиси барган жок. Бул саясий престиждин жоготконунун белгиси. Эми ушул болгон окуяны талкуулап, талдап, ар кайсы мамлекеттин өзүнүн чалгындоо органдары бар, алар өзүлөрүнүн маалыматтарын чогултуп туруп, анан өзүлөрүнүн жыйынында чечиш керек».


Азыркы күндө эң башкысы бөлүнүп-жарылбай, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн биримдикте иш алып баруу маанилүү экенине токтолот:


«Бизде батышты колдогондор бар, кээ бирөө Американы колдойт,  Россияны колдогондор бар. Азыр өкмөт башчылары кыргыз коомуна кайрылышы керек эле. Биз кимди колдорубуз тууралуу саясий позицияларыбызды убактылуу четке таштайлы. Бардыгыбыз биригели, консолидация бололу, бардык саясий күчтөр биригели деп. Өзгөчө социалдык түйүндөрдө бөлүнүп алып, бири-бирибизди жамандап, сөгүп, өкмөт башчыларын сөгүп отурган болбошу керек. Азыр биригип туруп, элибиз, коомубуз өкмөткө жардам бериши керек эле. Ал үчүн өкмөт туура кадамдарды жасашы керек. Отуруп алып маалымат бербей, же популизм катары сүйлөп коюп кетип калбай, өкмөт дагы чараларды көрүшү керек. Ошондуктан менин сунушум, биздин келишпеген чырларыбызды четке кагып туруп, азыр Кыргызстандын келечегин ойлошубуз керек. Кыргызстандын жери, эгемендүүлүгү үчүн биригиш керек. Эмоцияңарды токтотуп туруп, азыр бири-бирибизге жардам берели. Акыркы 10 жылдан бери мамлекеттик органдар жок сыяктуу болуп атпайбы. Ошону токтотуш керек. Өкмөт өкмөттүн милдетин биринчиден болуп аткарышы керек. Биздин коңшулаш бир тууган мамлекеттер Өзбекстан болобу, Казакстан болобу, стратегиялык өнөктөш Россия болобу, ошолор болгон окуяны эске алып, колдон келишинче жардам бериши керек. Алардан биз аскериңерди берип жардам бергиле дегендик эмес, дипломатиялык жол менен жардам бергиле дегендик. Азыр бизге тынчтык орнотуу күчтөрүнүн келип жайгашышынын кереги жок. Алар келип жайгашса, анда саясат уланып кетиши мүмкүн. Биз азыр өзүбүздүн күч менен чечишибиз керек. Бул согуш тажик элине дагы, кыргыз элине дагы кереги жок болчу. Бул чоң саясаттын кесепети деп ойлойм. Бул боюнча иликтөө, талдоо болушу керек. Бир аз убакыт өтүп, тынчтык орногондон кийин баа берилиши керек. Эмне болду, ким күнөөлүү деп. Мындай нерсеге эми жол бербеш керек. Кылымдар бою Орто Азияда жашап келип, анан бир күндө эле бири-бирибиздин үйлөрүбүздү өрттөп, бири-бирибиздин жарандарыбызды өлтүргөн туура эмес. Эч качан согуш сүйлөшүүсүз бүтпөйт. Же бир жагы басып алат, же болбосо сүйлөшүүнүн натыйжасында гана конфликттер чечилет. Азыр айрымдар ООНго кайрылыш керек деп жатат. ООНдо мен өзүм көп жылдар иштедим. ООН жакшы механизм, бирок чоң чыр-чатактарда. Кичинекей чыр-чатактар менен ООНго кайрылып, келгиле, жардам бергиле десе, бул чыр-чатак эл аралык деңгээлге чыгып кетет дагы, дагы уланып кетиши ыктымал. Ошондуктан азыр эки мамлекеттин башчылары сүйлөшүп, ортомчуга түшүп жаткан Өзбекстандын жардамы менен болобу сүйлөшүп, эки тараптан комиссиялар түзүлүп, ошолор чечиш керек маселелерди. Анан чечилген маселелерди тезинен ишке ашырыш керек».

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн