Бугу 16, 2024
Убакыт: 21:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Таалатбек Масадыков: Таза суунун жетишсиздиги согушка жол ачат (видео)

22.06.2021 14:10
773
Таалатбек Масадыков: Таза суунун жетишсиздиги согушка жол ачат (видео)

Кошуна өлкөлөр менен кандайдыр бир маселени чечүүдө  сууну бербей коюп, басым жасоо туура эмес саясат. Мындай пикирин коомдук ишмер Таалатбек Масадыков жергиликтүү каналдардын бирине берген маегинде билдирген. 


Анын айтымында, таза суу көйгөйү чоң согушка алып барат. 


"Акыркы 20 жылда таза суу көйгөйү эң актуалдуу маселеге айлана баштады. Кошуна өлкөлөр менен кандайдыр бир мамиле кылууда сууну бербей коюп, басым жасоо туура эмес саясат. Кыргызстанда жана Тажикстанда таза суунун запасы башка өлкөлөргө салыштырмалуу көп. Бирок аны биз азыртадан үнөмдүү пайдаланышыбыз керек. Анткени таза суунун жетишсиздиги чоң согушка жол ачат. Ошол окуялар болгондон мурда Борбордук Азия өлкөлөрү суу маселесин чечип алышыбыз керек",- деди Масадыков


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн