Бугу 04, 2024
Убакыт: 20:15
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Таалатбек Масадыков Украинадагы кырдаал боюнча пикирин билдирди

30.03.2022 11:47
905
Таалатбек Масадыков Украинадагы кырдаал боюнча пикирин билдирди

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Украиндагы кырдаалга байланыштуу пикирин билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Анын айтымында, бүгүнкү күндө ар кандай топтор анын атын колдонуп туура эмес маалымат таратып жатат.


"Бүгүнкү күндө Украиндагы кырдаалга байланыштуу биздин коом дагы өзүнүн дүйнө таанымына жараша ар кандай жаатка бөлүнүп алды.

Окуяга байланыштуу айрым адамдар телеграм, инстаграм жана башка социалдык тармактарда менин сүрөтүм менен каналдарды ачып туура эмес маалымат таратып жатышат.


Менин пикирим жеке өзүмдүн гана баракчам аркылуу чагылдырылат.

Ал эми Украиндагы кырдаалга боюнча менин позициямды билдирсем, мен дайыма акыйкат, адилеттүүлүк тарапта болгонмун",- деп айтылат Масадыковдун билдирүүсүндө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн