Бугу 16, 2024
Убакыт: 12:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Таалатбек Масадыков эки жумалык иш сапары менен Өзбекстан, Афганистан, Пакистан, БАЭ жана Иранда болду

22.04.2022 18:06
520
Таалатбек Масадыков эки жумалык иш сапары менен Өзбекстан, Афганистан, Пакистан, БАЭ жана Иранда болду

КРнын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков КРнын Тышкы иштер министрлигинин Афганистан боюнча Атайын өкүлү, өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи Авазбек Атаханов менен биргеликте Өзбекстан, Пакистан, Афганистан, Иран жана Бириккен Араб Эмираттарында жумушчу сапар менен болду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.


Сапарлардын алкагында 7-апрелден 20-апрелге чейин бул өлколөрдүн күч түзүмдөрүнүн жана башка мамлекеттик ведомстволорунун жетекчилери, ошондой эле эл аралык эксперттер менен бир катар маанилүү жолугушуулар жана консультациялар өттү.


Сапарлардын негизги максаттарынын бири аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин, Афганистандагы кырдаалдын өнүгүшүн, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча потенциалдуу коркунучтарга жана тобокелдиктерге жана аймактык кызматташууга байланышкан маселелерди талкуулоо болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн